
«Бир жолку компенсация төлөө»
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 219-беренесинде мындай деп көрсөтүлгөн:
«Эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге келтирилген зыяндын натыйжасында майыптык келип чыкканда же ал каза болгондо бирдей өлчөмдө бир жолку компенсация төлөнөт, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет».
Бул кандай иштейт
Эмгек кодексинин деңгээлинде жалпы принцип бекитилген — иш берүүчүнүн бир жолку компенсация төлөө милдети. Бул норманы ишке ашыруунун конкреттүү механизми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 465 токтому менен бекитилген жободо ачып көрсөтүлгөн .
Биринчи кезекте, сөз бир жолку төлөм тууралуу болуп жатат, ал төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
— майыптык келип чыккан учурда — түздөн-түз кызматкерге;
— кызматкер каза болгон учурда — мыйзам боюнча төлөм алууга укуктуу адамдарга.
Мындай адамдардын тизмеси Эмгек кодексинин 221-беренесине ылайык аныкталат. Аларга багуусундагылар, жашы жете элек балдар, күндүзгү бөлүмдө окуган адамдар, ошондой эле мыйзамда түз көрсөтүлгөн башка адамдар кирет.
Эгерде кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыян майыптыкка алып келсе, компенсациянын өлчөмү майыптыктын тобуна жараша аныкталат. Мыйзам чыгаруучу эмгекке жарамдуулуктун жоготулуу деңгээлин эске алат:
III топто — орточо жылдык эмгек акынын үч эселенген өлчөмү,
II топто — беш эселенген,
I топто — жети эселенген өлчөмү төлөнөт.
Эсептөө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (УСК КР) тарабынан аныкталган республика боюнча орточо айлык эмгек акынын негизинде жүргүзүлөт. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 500 000 сомдон 1 500 000 сомго чейинки белгиленген туруктуу суммалар каралган.
Кызматкер каза болгон учурда компенсациянын өлчөмү бирдей болуп саналат жана республика боюнча орточо жылдык эмгек акынын он эки эселенген өлчөмүн түзөт (УСК КР маалыматтарынын негизинде эсептелет), ал эми бюджеттик чөйрө үчүн — туруктуу 2 000 000 сом.
Компенсацияны төлөө тартиби формалдаштырылган. Негиз катары өндүрүштөгү кырсык жөнүндө акт (Н-1 формасы) алынат, андан кийин кызыкдар тараптар арыз беришет. Иш берүүчү сунушталган документтерди карап чыгып, чечимди буйрук менен жол-жоболоштурат. Бул буйрукта ал алуучулардын тизмесин гана эмес, ар бирине төлөнө турган сумманы да көрсөтүүгө милдеттүү.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул компенсация иш берүүчүнүн өз каражаттарынын эсебинен төлөнөт жана зыяндын ордун толтуруунун башка түрлөрүн алмаштырбайт, тескерисинче, аларга кошумча катары жүргүзүлөт.
Практикалык сунуштар
Практикада 219-беренени колдонуу иш берүүчүдөн кылдат жана ырааттуу мамилени талап кылат.
Биринчи кезекте, компенсация алууга укуктуу адамдардын тизмесин туура аныктоо зарыл. Бардык сумманы бир гана үй-бүлө мүчөсүнө төлөп берүү — башка багуусундагыларды эске албастан — туура эмес болуп эсептелет.
Экинчиден, алуучулардын статусун документтик жактан тастыктоого өзгөчө көңүл буруу керек. Бул жашы жете элек балдарга да, күндүзгү бөлүмдө окуган бойго жеткендерге же маркумдун багуусунда болгон башка адамдарга да тиешелүү.
Үчүнчүдөн, төлөмдүн бөлүштүрүлүшү буйрукта так көрсөтүлүшү керек. Ар бир алуучу боюнча детализациянын жоктугу кийин талаш-тартыштарга алып келиши мүмкүн.
Төртүнчүдөн, арызды кароо жана компенсацияны төлөө мөөнөттөрүн так сактоо зарыл. Иш берүүчү арызды 10 жумушчу күндүн ичинде карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү. Объективдүү себептер болгон учурда (мисалы, арыз ээсинин ден соолугу, керектүү документтердин жоктугу же кошумча текшерүүлөрдүн зарылдыгы) кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн учурда иш берүүчү ар бир кечиккен күн үчүн төлөнбөй калган сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү. Эгерде компенсация төлөнбөсө, арыз ээси эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу органга же сотко кайрылууга укуктуу.
Мисалдар
Практикада көп кездешкен кырдаалдарды карап көрөлү.
Биринчи кырдаалда жеке компаниянын кызматкери эмгек милдеттерин аткарууда каза болгон. Анын артында эки жашы жете элек бала жана жубайы калган. Балдар автоматтык түрдө багуусундагылар катары таанылып, компенсация алууга укуктуу. Ал эми жубайынын укугу автоматтык түрдө пайда болбойт — ал, мисалы, иштебей балдарды карап жаткан болсо же эмгекке жарамсыз болсо гана укукка ээ болот. Иш берүүчү ушул жагдайларды эске алуу менен алуучулардын тизмесин аныктап, УСК КР белгилеген орточо айлык эмгек акынын негизинде компенсациянын жалпы өлчөмүн эсептеп, аны тиешелүү адамдар арасында бөлүштүрөт.
Экинчи кырдаалда бюджеттик уюм жөнүндө сөз болот. Ушул эле жагдайда алуучулар ошол эле эрежелер боюнча аныкталат, бирок компенсациянын өлчөмү эсептелбейт, ал туруктуу — эки миллион сом. Ошол эле учурда иш берүүчүнүн алуучуларды аныктоо жана сумманы бөлүштүрүү милдети сакталат.
Үчүнчү кырдаал иш берүүчүлөрдүн кеңири таралган катасын ачып берет. Иш берүүчү компенсацияны маркумдун жубайына гана төлөп берип, күндүзгү бөлүмдө окуган бойго жеткен баланы эске албай коёт. Бирок мындай адам мыйзамга ылайык эмгекке жарамсыз деп таанылып, компенсация алууга укуктуу. Натыйжада талаш жаралып, төлөмдү кайра бөлүштүрүү талабы коюлат.
Төртүнчү кырдаалда кызматкер өндүрүштүк жаракат алып, ага II топтогу майыптык белгиленет. Бул учурда компенсация түздөн-түз кызматкерге төлөнөт жана эмгекке жарамдуулуктун жоготулуу деңгээлине жараша аныкталат — республика боюнча орточо жылдык эмгек акынын беш эселенген өлчөмүндө (же бюджеттик чөйрө үчүн белгиленген туруктуу суммада).
ЭСКЕРТҮҮ: