Жамааттык сүйлөшүүлөр: теориядан практикага
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 200-беренеси жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн негиздерин аныктап, эмгек шарттары жана эмгек акы боюнча келишимге келүүнүн жолдорун белгилейт.
Бул кандайча иштейт?
Жамааттык сүйлөшүүлөр иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда адилеттүү жана өз ара пайдалуу макулдашууга жетүү максатында бир нече негизги принциптерге таянат.
Алгач, тараптардын тең укуктуулугу жана кызыкчылыктарын урматтоо принциби иш берүүчү менен кызматкердин сүйлөшүү процессинде тең укуктуу болушун камсыздайт. Бул ар бир тарапка өз кызыкчылыгын коргоого жана өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет.
Кийинки маанилүү принцип – талкуулана турган маселелерди тандоодо эркиндик. Тараптар өз алдынча сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин аныктап, ага эмгек шарттарын, эмгек акыны, социалдык кепилдиктерди жана эки тарап үчүн маанилүү болгон башка маселелерди киргизе алышат.
Акырында, милдеттенмелерди өз ыктыяры менен кабыл алуу принциби өтө маанилүү. Бардык чечимдер эки тараптын өз ара макулдугу менен, басым жана мажбурлоо жок кабыл алынышы керек. Мунун баары эмгек мыйзамдарына ылайык келиши керек – кызматкерлердин абалын мыйзамдагыдан начарлаткан макулдашууларга жол берилбейт.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди түзүү жана өзгөртүү укугуна ээ өкүлдөр – кызматкерлер жана иш берүүчүлөр тарабынан ыйгарым укуктуу адамдар болот. Адатта, кызматкерлердин атынан профсоюздар сүйлөшүүлөргө катышат. Ар бир тарап сүйлөшүү процессин демилгелей алат – эгер тараптардын бири экинчи тарапка жазуу жүзүндө сүйлөшүү баштоо боюнча билдирүү жөнөтсө, экинчи тарап 7 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү баштоого милдеттүү. Сүйлөшүүдөн баш тартууга мыйзам жол бербейт – бул кызматкерлердин өз укуктарын талкуулап, коргоо мүмкүнчүлүгүн кепилдейт.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана катышуучулар үчүн кепилдиктер Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» мыйзамында белгиленген. Бул мыйзам тараптардын өз ара аракеттенүү механизмдерин жөнгө салат, сүйлөшүү катышуучуларынын укуктарын коргойт жана мыйзам бузган тараптар үчүн жоопкерчилик карайт.
Практикалык сунуштар
Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн маанилүү маселелеринин бири — инфляция шартында эмгек акыны индексациялоо. Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, жамааттык келишимдерде эмгек акыны индексациялоо сөзсүз түрдө каралышы керек. Практика көрсөткөндөй, индексация механизмин жамааттык келишимге киргизүү кызматкерлердин реалдуу кирешесин сактап калууга жана алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүн алдын алууга жардам берет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар индексациялоо мөөнөттөрүн, эсептөө критерийлерин (мисалы, керектөө бааларынын индекси негизинде) жана ишке ашыруу механизмдерин макулдашышы мүмкүн.
Индексациянын мисалдары:
• Автоматтык индексация – белгиленген шарттар аткарылганда, эмгек акы автоматтык түрдө жогорулайт (мисалы, расмий инфляция деңгээлине жараша жыл сайын индексация).
• Порогдук деңгээлдер – индексация белгилүү деңгээлдеги инфляциядан кийин гана ишке ашат. Мисалы, инфляция 5%дан аз болсо — индексация жүргүзүлбөйт, 5%дан ашса — эмгек акы ушул айырмага жараша жогорулайт.
• Кечиктирилген же бөлүнгөн индексация – эмгек акыны жогорулатуу бир нече этапта же белгилүү мөөнөттөн кийин жүргүзүлөт. Мисалы, 10% инфляция шартында 5% азыр, 5% алты айдан кийин индексацияланат.
• Компаниянын каржылык көрсөткүчтөрүнө жараша индексация – индексация ишкананын кирешеси өссө же белгилүү деңгээлдеги пайдага жетсе гана жүргүзүлөт. Мисалы: «Эгер жылдык түшүм 10%дан ашса — эмгек акы инфляция деңгээлине жараша индексацияланат».
• Ар түрдүү категориядагы кызматкерлер үчүн пропорциялуу индексация – ар кандай кызматкерлер үчүн индексация көлөмү ар башка. Мисалы, аз эмгек акы алгандар үчүн толук көлөмдө, жогорку маяналуулар үчүн – инфляциянын 70-80% деңгээлинде.
• Бир жолку инфляция компенсациясы (инфляциялык бонус) – жогорку инфляция же ресурстардын чектелүү шартында тараптар эмгек акыны көтөрбөстөн, сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жоготууну жабуу үчүн бир жолку төлөмдү караштыра алышат. Мисалы, жылдык инфляция 5%дан жогору болгондо, кызматкерге айлык маянанын 50% өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Бул убактылуу чара катары (туруктуу индексация киргизилгенге чейин) же аралаш мамиле катары колдонулат (индексация + компенсация).
Бул механизмдердин ар бири сүйлөшүүгө катышкан тараптардын муктаждыгына жана кырдаалга жараша тандалып алынат. Индексацияны ийгиликтүү ишке ашырган мисалдарга Бельгия, Люксембург, Франция жана Испания кирет — бул өлкөлөрдө индексация эмгек келишимдеринин бөлүгү катары кадимки көрүнүшкө айланган.
Айрыкча көңүл бурууга тийиштүү көрсөткүч — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жарыялай турган керектөө бааларынын индекси (КБИ). Бул көрсөткүч индексация механизминде маалыматтык эмес, иш жүзүндө колдонулуучу мааниге ээ болушу керек. КБИнин жамааттык сүйлөшүүлөргө кошулушу айкын, так система түзүүгө жардам берет — бул кызматкерлерге өз кирешесинин сатып алуу жөндөмүн инфляцияга карабастан сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
ЭСКЕРТҮҮ: