ТрудИнвест

Эмгек кодексинин 66-беренесине түшүндүрмөлөр

Эмгек кодексинин 66-беренесине түшүндүрмөлөр

«Майрам күндөрү — эми жаңы эрежелер боюнча»

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин (КР ЭК) 66-беренеси мамлекеттик майрам күндөрүнүн тизмесин аныктайт. Мурунку редакциясынан айырмаланып, мыйзам чыгаруучу «иштебеген майрам күнү» жана «иш күн болгон майрам күнү» деген түшүнүктөрдү так ажыратты. Бул иш убактысынын укуктук тартиби, майрам күндөрү кызматкерлерди ишке тартуу жана эмгек акыны эсептөө үчүн маанилүү.

 

Бул кандайча иштейт?

 

Эмгек кодекси иштебеген майрам күндөрүн өзүнчө тизмеге киргизген. Иштебеген майрам күндөр деп төмөнкү даталар эсептелет:

  • • 1–6-январь (жаңы жылдык каникулдар);
  • • 8-март; 
  • • 21-март;
  • • 1–4, 6–8-май (май майрамдары);
  • • 5-май; 
  • • 9-май; 
  • • 31-август;
  • • мусулман майрамдары — Орозо айт жана Курман айт; 
  • • 7-январь (православдык Рождество).

 

КР ЭКнин мурунку редакциясында (113-берене) майрам күндөрүнүн тизмесинде символикалык жана иштебеген даталар бөлүнгөн эмес — бардык майрамдар автоматтык түрдө иштебеген деп эсептелчү. Жаңы Эмгек кодекс күчүнө киргенден кийин бул өзгөрдү: 23-февраль, 7-апрель жана 7–8-ноябрь сыяктуу кээ бир майрамдар мамлекеттик статусун сактап калган, бирок алар иш күн болгон майрам күндөрү катары аныкталган. Ошондой эле, майрам күнү дем алыш күнгө туура келсе, кошумча дем алыш берүү жөнүндөгү норма жокко чыгарылган. Демек, эгер майрам ишембиге же жекшембиге туура келсе, кошумча эс алуу күнү берилбейт.

 

Практикалык сунуштар

 

Иш берүүчүлөр жумуш графиктерин түзүүдө Эмгек кодексинде түздөн-түз иштебеген деп белгиленген күндөрдү гана эске алышы керек. Бул күндөрү ишке тартуу 67-беренеде белгиленген өзгөчө учурларда гана жол берилет жана ал 100 жана 109-беренелерде белгиленген тартипте кошумча акы менен төлөнүшү же башка эс алуу күнү менен компенсацияланышы керек:

  • • 67-берене — майрам жана дем алыш күндөрү кызматкерлерди ишке тартуунун шарттары менен тартибин жөнгө салат. Мындай ишке тартуу кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана мүмкүн жана калктын өзгөчө аярлуу катмарына кепилдиктер каралган.
  • • 100 жана 109-беренелер — иштебеген майрам күндөрүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акы кеминде эки эсе өлчөмдө төлөнүшү керек. Эгер кызматкерге башка күнү эс алуу берилсе, анда иш кадимки тариф боюнча төлөнөт, ал эми эс алуу күнү акысыз болот.

 

Иштебеген майрам күндөр Эмгек кодексинин башка беренелеринде да аталат:

  • • 55-берене — иштебеген майрам күнүнүн алдындагы күнү жана иш күнү болуп эсептелген майрам күнү жумуш убактысы (смена) 1 саатка кыскартылат. Бул норма кызматкерлер үчүн кыскартылган жумуш убактысы мурда эле белгиленген учурларга колдонулбайт. Ошондой эле үзгүлтүксүз өндүрүш процессин камсыздаган уюмдарда кыскартуу кошумча эс алуу убактысы менен же ашыкча иштөөгө каралган тартип боюнча төлөнүүчү акы менен компенсацияланышы мүмкүн.
  • • 63-берене — иштебеген майрам күндөрдү эс алуу убактысынын бир түрү катары белгилейт (жумуш күнүндөгү тыныгуу, дем алыш, өргүү менен катар).
  • • 70-берене — жыл сайын төлөнүүчү өргүү мезгилине туура келген иштебеген майрам күндөр өргүү мөөнөтүнө кошулбайт жана өзүнчө төлөнбөйт.
  • • 113-берене — донорлор үчүн кошумча кепилдиктерди карайт. Эгер кан тапшыруу иштебеген майрам күнүнө туура келсе, кошумча эс алуу күнү берилет.
  • • 142 жана 153-беренелер — жашы жете электерди, кош бойлууларды, жалгыз балалуу ата-энелерди жана оорулуусуна кам көргөн адамдарды иштебеген майрам күндөрү ишке тартууга чектөө киргизет. Бул үчүн медициналык тыянак жана кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

 

Мисалдар:

 

  • • Буга чейин, эгер майрам күнү дем алышка туш келсе, кошумча эс алуу күнү берилчү. 2025-жылы 8-март жекшембиге туура келет — кошумча дем алыш берилбейт. 9-март, дүйшөмбү — кадимки иш күнү.
  •  
  • • Кызматкер иш берүүчүнүн көрсөтмөсү менен 9-майда ишке чыкты — бул иштебеген майрам күнү. Бул күн үчүн акы кеминде эки эсе өлчөмдө төлөнөт (109-берене) же башка күн эс алуу үчүн берилет.
  •  
  • • 23-февраль — мамлекеттик майрам, бирок иштебеген майрам күндөрдүн тизмесине кирбейт. Демек, бул кадимки иш күнү. Эгер кызматкер ушул күнү негизсиз ишке чыкпай калса — бул жумуш ордун таштоо деп эсептелиши мүмкүн.
  •  
  • • 40 сааттык жумалык графикте иштеген кызматкер 2025-жылдын 4-апрелинен 1-майына чейин эмгек өргүүсүн алган. 1-май — иштебеген майрам күнү. Эмгек кодексинин 70-беренесине ылайык, мындай күндөр өргүү мөөнөтүнө кирбейт, ошондуктан өргүү узартылат. 2-майдан 9-майга чейин — дагы иштебеген майрам күндөрү, алар да өргүү мөөнөтүнө кошулбайт. 10 жана 11-май — дем алыш күндөр (ишемби жана жекшемби). Натыйжада кызматкер 4-апрелден 11-майга чейин жумушка келбейт. Жумушка чыгуунун күнү — 2025-жылдын 12-майы (дүйшөмбү).
  •  
  • • 40 сааттык жумалык графикте иштеген кызматкер 30-апрелде иштейт — бул 1-май алдындагы күн. Иш күнү 1 саатка кыскартылышы керек (55-берене). Эгер кыскартуу жүргүзүлбөсө, ашыкча убакыт кошумча эс алуу же кошумча акы менен компенсацияланат (кеминде 1,5 эсе).
  •  
  • • 36 сааттык иш жумалыкта, оор шарттагы жумушта вахта менен иштеген кызматкер үчүн 30-апрель жумуш күнү 1 саатка кыскартылбайт, анткени жумуш убактысы башынан эле 36 саатык жумалык режимге кыскартылган (55-берене).
  •  
  • • Кызматкер 29-апрелден 12-майга чейин вахтада иштейт. Бул мезгилге 1–9-майдагы бардык майрам күндөр кирет. Иш берүүчү бул күндөр үчүн эки эсе акы төлөөгө милдеттүү. Кызматкер кааласа, башка күндөр эс алуу үчүн берилиши мүмкүн. Бул учурда майрам күнү кадимки өлчөмдө төлөнөт, ал эми эс алуу күнү акысыз болот (109-берене).

 

ЭСКЕРТҮҮ:

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине түшүндүрмөлөр — бул Эмгек кодексинин беренелерин деталдуу талдап түшүндүргөн, мисалдар жана сунуштар менен коштолгон макалалардын сериясы. Материалдар иш берүүчүлөр, кызматкерлер жана кесиптик кошуундар үчүн даярдалган.
Мындан тышкары, биздин сайтта иш берүүчүлөр квалификациялуу кызматкерлерди, ал эми жумуш издегендер ылайыктуу бош орундарды таба алышат. Вакансиялар жана резюмелер базасына, ошондой эле эксклюзивдүү консультацияларга жетүү үчүн www.trudinvest.kg сайтына катталыңыз.