«Жеке эмгек талаш-тартыштарын ким чечет»
Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда эмгекке байланышкан талаш жаралганда — мисалы, эмгек акыны төлөбөй коюу, тартиптик жаза колдонуу же мыйзамсыз жумуштан бошотуу сыяктуу учурларда — ал Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин (КР ЭК) 241-беренесине ылайык үч жол аркылуу чечилиши мүмкүн:
Кайрылуу кайда болорун кызматкер өзү тандайт — бул укук мыйзамда бекитилген. Ошондой эле мыйзам медиация процедурасын, тагыраагы сотко чейинки келишим жолу менен жөнгө салууну да мүмкүнчүлүк катары тааныйт.
Бул кандайча иштейт?
Эгер уюмда ЭТК түзүлгөн болсо, кызматкер биринчи кезекте ошол комиссияга жазуу түрүндө кайрыла алат. Комиссия бекитилген жобонун негизинде иш жүргүзөт жана талашты, эреже катары, 10 календардык күндүн ичинде карайт (КР ЭК 244-берене).
Комиссиянын чечими 10 күндүк даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде аткарылышы керек. Эгер чечим аткарылбаса, кызматкерге аткаруу документине барабар болгон күбөлүк берилет. Аталган күбөлүктүн негизинде мамлекеттик сот аткаруучу чечимди мажбурлап аткарат.
Эгер уюмда ЭТК жок болсо, кызматкер түз эле эмгек инспекциясына же сотко кайрыла алат. Айрым талаштар — мисалы, жумушка кайра кабыл алуу, дискриминация, жумушка алуудан баш тартуу же ден соолукка зыян келтирүү — КР ЭКнин 245-беренесине ылайык, жалаң гана сот аркылуу каралат.
Практикалык сунуштар
КР ЭК 240-беренесинин 3-бөлүгүндө иш берүүчү менен кызматкерге талашты өз ара макулдашуу аркылуу жөнгө салууга умтулуу сунушталат. Эгер уюмда ЭТК иштесе, тараптар өз каалоосу менен бул механизмди колдонсо болот.
Кызматкерлерге сунуш: Эмгек талаш жаралганда, уюмуңузда ЭТК бар же жок экенин тактаңыз. Эгер бар болсо — бул талашты тез чечүүгө жардам берет.
Иш берүүчүлөргө сунуш: Профсоюз менен макулдашылган жобонун негизинде ЭТК түзүп, анын ишин камсыздаңыз. Кызматкерлердин арыздарын сотко чейин чечүү — финансылык чыгымдарды жана соттук доолорду азайтуунун натыйжалуу жолу.
Мисалдар
Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга кайрылууга мүмкүн болгон жагдайлар:
I. Эмгек акыны төлөөгө байланыштуу талаштар
II. Эмгек шарттарына байланыштуу талаштар
III. Мыйзамдар жана ички актыларды колдонууга байланыштуу талаштар
IV. Эмгек стажына, иш убактысына жана тартипке байланыштуу талаштар
V. Башка жеке эмгек талаштар
ЭСКЕРТҮҮ: